Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 02.05.2014 17:38

Төрага А.Жээнбеков Ноокат шаарындагы аймактык оорукананын абалы менен таанышты

Turmush -  Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-майда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат шаарындагы аймактык оорукананын абалынан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Төрага баштаган Жогорку Кеңеш депутаттарына оорукананын абалы тууралуу башкы дарыгер Асамидин Марипов маалымат берди. Ооруканадагы көйгөй катары А.Марипов инфекциялык бөлүм куруу үчүн сметалык долбоордо каралган 46 млн сомдун 10 млн сому гана бөлүнгөндүгүн айтып, курулушту тездетүүгө калган каражатты бөлдүртүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Ал эми А.Жээнбеков дарыгерлер менен жолугушууда алардын кыйын маалда кызмат кылып, элдин саламаттыгына кам көрүп жаткандыгына өз баасын берди. Ошондой эле, медицина тармагын реформа кылууга иштер жүргүзүлүп баштаганын, анын негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акылары дагы көбөйөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×