Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 25.04.2014 10:57

Ноокаттагы Т.Кулатов айыл аймагында музей ачылууда

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов айыл аймагында Кыргыз ССРин көп жылга чейин жетектеген Т.Кулатовдун музейи курулуп жатат. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка таянсак музейде Т.Кулатовдун өмүр таржымалы, басып өткөн жолдору, аткарган иштери жана башка колдонгон айрым буюмдары сакталып турат.

«Музейди ачуу менен биз жаштарга, биздин айылыбыздан Кыргызстанды көп жыл башкарган чыгаан инсан бар экендигин билип, сыймыктанып жүрсүн деп жатабыз», - дейт сөзүндө айыл аймагынын башчысы Нурдин Мадимаров.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×