Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.04.2014 18:28

Бүгүн Ноокат районунда «Тамаша-шоу» болуп өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы маданият үйүндө «Тамаша-шоунун» ачылышы болуп, мектеп окуучуларынан түзүлгөн командалар таймашты.

Жыйынтык менен таймашка катышкан 8 команданын ичинен Барпы мектебинин «Ак илбирс» командасы мыкты болуп табылды. Мындан сырткары, Н.Крупская мектебинин окуучуларынан түзүлгөн команда «мыкты оюнчу» наамын алса, М.Гапаров атындагы мектептин командасы «мыкты юмор» наамын алды.

Иш-чара Ош облустук жаштар комитетинин райондук филиалы менен М.Гапаров мектеби тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×