Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 09.04.2014 18:38

Ноокатта аялдар арасындагы чакан ишканаларды ачуу максатында бизнес-план түзүү боюнча окуудан өтүшүүдө

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Бекболот Айтиевдин тапшырмасы менен Ноокат райондук өнүгүү фондунун базасында түзүлгөн «Энелерди колдоо» коомдук фондунун мүчөлөрү бизнес-план түзүү боюнча окуудан өткөрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Окууну «Энелерди колдоо» фондунун башкы кеңешчиси Чынара Боронбаева жана аталган фонддун төрайымы Айгүл Орунбаева өткөрүүдө. Бул окууну өткөрүүдөгү максат - аталган фондго жардам берүү жана аялдар арасында чакан ишканаларды ачуу менен Ноокат өнүктүрүү фондунан берилүүчү насыя каражатын максаттуу пайдалануу үчүн сапаттуу бизнес пландарды түзүү жана аны ишке ашыруу экендигин билдирди Айгүл Орунбаева.

Анын айтымында, Ноокат өнүгүү фонду «Энелерди колдоо» фондуна 500 миң сом акча каражатын берип, бул акча каражаты аялдардан түзүлгөн чакан топторго 50 миң сомго чейин, 5 айлык мөөнөткө берилет.

Түзүлгөн топ бул каражатты өздөрүнүн чакан бизнесин өнүктүрүүгө жумшап, 3 айдан соң кайтара баштайт. Эң негизги артыкчылыгы үстөк пайыздын жоктугунда, дейт аталган фонддун төрайымы А.Орунбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×