Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 14.03.2014 17:49

Ноокат районунда быйылкы жылдын башынан бери кургак учук менен 12 адам катталды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда быйылкы жылы кургак учук оорусу боюнча 39 адам катталып, анын ичинен 22си жаңы катталган. Бул туурасында «Мэдигос» үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Эртабылды Көккөзов билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган 22 бейтаптын 16 сы балдар, ал эми төртөө өспүрүмдөр. 2014-жылдын жыл башынан бери 12 киши катталса, алардын ичинен экөө жугуштуу түрү менен белгиленген.

«2013-жылы жалпысынан 174 адам катталып, анан 95и оорунун ачык түрү экени аныкталган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×