Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 14.03.2014 17:37

Ноокатта кургак учук оорусунун алдын алуу боюнча 1-апрелге чейин түшүндүрүү иштери жүрөт

Turmush -  Ош облусуна карштуу Ноокат районунда Мэдигос үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин демилгеси менен айыл жериндеги айылдык ден соолук комитеттери менен бирге ар бир үйгө барып, кургак учуктан коргонуу боюнча түшүндүрмө, колдонмо материалдар таркатылууда. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

Бул иш-чара 1-апрель күнүнө чейин уланат.

Иш-чаранын алкагында кечээ, 13-март күнү Медигос УБМБнын ден соолукту чыңдоо борборунун адистери мед айымдары менен бирге райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кургак учуктун алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүп, 12-март күнү район аймагындагы 57 мектептин окуучулары дарыгерлердин катышуусу менен жат жазууларды жазышкан.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери менен 39 айылдык ден соолук комитеттеринде жана айылдарда элдердин жана жаштардын катышуусу менен семинарлар өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×