Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 28.02.2014 18:21

Ноокат районунда тажрыйбалуу жана профессионал адистер жетишсиз

Turmush -  Бүгүн, 28-февралда Ош облусунун Ноокат районунда жумушсуздук маселесин талкууга алган тегерек стол болуп өттү. Райондук гезиттин башкы редактору Нуркамил Абдуллаев билдиргендей, аталган иш-чара германиялык долбоордун GIZ программасынын алкагында өткөрүлдү.

Тегерек столго райондук администрациянын, Ноокат шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Дина Анарбаева катышты.

Долбоордун координатору Чолпон Карагул кызынын маалыматы боюнча, 2013-жылы Ноокат районунун аймагында изилдөө жүргүзүлгөн. Анын айтымында, райондун эмгек базары стабилдүү жана жакынкы убакта жумушчулардын массалык иштен чыгуусу күтүлбөйт. Ошондой эле, аталган райондо тажрыйбалуу жана профессионал адистер жетишсиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×