Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 28.02.2014 18:19

Ноокатта иликтөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик кызматка орношкондордун 29%ы достор жана туугандар экени аныкталды

Turmush -  Ноокатта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мамалекеттик кызматка орношкондордун 29%ы достор, туугандар жана тааныштар экени аныкталды. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы «Эмгек рыногун изилдөөнүн жана кызматташуунун эффективдүү инструменттерин иштеп чыгуунун натыйжаларын презентациялоо» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Ошондой эле жыйында жумушчулардын иштен бошоосу өткөн жылдарга азайып, ошону менен бирге эле тажырыйбалуу, кесипкөй адистердин жетишсиздиги жөнүндө айтылды.

Жыйын Германиянын GIZ долбоорунун алкагында өтүп, ага айыл аймагынын башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, билим берүү, медицина жана бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×