Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 12.02.2014 09:30

Г.Абдуллаев Ноокат райондук кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп шайланды

Turmush -  Кечээ, 11-февралдаОш облусунун Ноокат районунда жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынынын төрагасын тандап алуу боюнча сессия болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы З.Мамасадыков билдирди.

Сессияга район аймагындагы жергиликтүү кеңештерден 307 депутат катышты. Күн тартибинде жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынынын төрагасын тандап алуу маселеси каралып, ага беш талапкер: Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы Гапар Абдуллаев, Зулпуев айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Баймуратов, Бел айылдык кеңешинин төрагасы Тыныбек Бекботоев, Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы Маматсапа Ташбаев, Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы Чолпонбай Тешебаевдер көрсөтүлдү.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Гапар Абдуллаев 211, Баймуратов Нургазы 171, Бекботоев Тыныбек 105, Ташбаев Маматсапа 134, Тешебаев Чолпонбай 150 добушка ээ болушту.

Натыйжада Г.Абдуллаев жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп шайланды.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарына ачык добушка салганда алар бир добуштан кабыл алды. Буга чейин жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына Турсункулов Кутман Эшмаматович төрагалык кылып келген.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ноокат районундагы жергиликтүү кеңештерде 343 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×