Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 18.10.2019 10:41

Ноокаттын Кара-Кечит айылында сарай жана тоют өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Кечит айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Шамурзаев көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 100 чарчы метр чатыры, 120 түк чөп, 100 түк саман жана 70 боо пая күйүп кетти. Бул кырсык электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан.

Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 4 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Учурда бул өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×