Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2019 08:08

Ноокатта бала бакчанын сатылып кеткен 1 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда Ош облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Жийде-Бурак» бала бакчасынын жер тилкеси 2005-жылы жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги такталган. Райондук прокуратура жерди кайтарып алуу үчүн 2016-жылы сотко кайрылган. Анын жыйынтыгы менен баасы 1 млн 50 миң сомду түзгөн 0,15 гектар жер тилке айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×