Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 04.10.2019 11:42

«Ала качып кетишсе, кубалап барбайбыз»: 8 кыздуу болгон Патила апа төрөтканадан үйүнө өзү эле келчү

Баатыр эне Патила Балтабаева (ортодо)
Баатыр эне Патила Балтабаева (ортодо)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылынын 67 жаштагы тургуну Патила Балтабаева сегиз кыздын апасы. Ал жолдошу экөө кыздарынын баарын турмушка узатып, учурда небере, чөбөрөлүү болгон кези.

Патила апанын Кызжибек, Гүлжан, Нуржан, Айжан, Кайрыл, Токтобүбү, Курманжан, Эркайым деген кыздары бар. Экинчи кызы Гүлжан Балтабаева апасы уул төрөбөгөнүнө таарына бергенин билдирди. Гүлжан айым менен аймактык кабарчы маектешти.

«Апамдын уул төрөбөгөнүнө атам эмес эле мен таарына берчүмүн. Апам менен атам классташ болушкан. Алар алгач 1977-жылы уулдуу болушкан, бирок ал 6 айлык кезинде эле чарчап калыптыр. Андан кийин улуу эжем төрөлгөндө акушерлер атама “кыз болуп калды” дешсе, атам сүйүнгөнүнөн “мага он кыз болсо да мейли” дептир. Атамдын тилеги орундалып, катары менен кыз төрөлдү. Төрөткана үйгө жакын болгондуктан, апам төрөттөн кийин сүйүнүп, "силерди кучактаган бойдон үйгө талаа менен өзүм эле келе берчүмүн" деп көп айтып калат. Атамдын энеси эрте каза болуп, ошол кезде атам 6 айлык карындашы менен калыптыр. Апам кайын сиңдисин өз кызындай көрүп өстүрүп, турмушка узатып, балалуу болгондо бешик белек кылды. Атам апама "жалаң кыз төрөдүң" деп айтканын уккан эмесмин, бирок мен сиңдим төрөлгөндө “сиз деле уул төрөбөйсүзбү” деп таарына берчүмүн. Тогуз кыз болсок, ата-энебиз баарыбызды катуу кармашты. Чачыбызды кырктырышчу, эмес, боёнбой чоңойдук. Парткомдун (СССР убагында партиялык комитеттин жетекчиси) Гүлжан, Нуржан, Айжан деген кыздары бар болчу экен, биздин ысымдарыбызды ошолордун атынан коюшуптур. Мектептеги кечелерге барууга атамдан да, апамдан да уруксат сурай алчу эмеспиз. Атам устачылык менен алектенип, апам үй кожойкеси болгондуктан улуу кыздары жогорку окуу жайында окубай калдык. 3 кыз гана жогорку окуу жайында окушту. Ата-энебиз айткан адамга турмушка чыктык. Ала качып кетишсе, артыңардан барбайбыз дешчү», - дейт Гүлжан Балтабаева.

Учурда баатыр эне Патила Балтабаеванын 39 небере, 4 чөбөрөсү бар.

«Сиңдим Нуржан экөөбүз эркектин жумушун жасачубуз. Жаш кезибизде атам менен бирге үй курушканбыз. Эркектин кээ бир жумуштарын тоготпочубуз. Атам бирөөлөрдүн уулдарынын жаман кылыктарын укса, 8 кызымды бир уулга алмаштырбайм деп калчу. Мен үчүн турмушка чыгуу оор болду, себеби ата-энеме силерди багам, таштап кетпейм дей берчүмүн. Үйгө жуучулар келишсе, ата-энеме ыйлап жатып кайра кетиртчүмүн. Кичүү сиңдибизди турмушка узатканда да баарыбыз жаман болдук. Турмушка чыгып, жаңы келин болгондо жаштык кылып үйгө келсек, апам бир нерселерди алып берип, алдап-соолап кайра кайын журтубузга өзү жеткирип барчу. Учурда баарыбыз бактылуу жашап жатабыз», - деди Гүлжан Балтабаева.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×