Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 04.10.2019 10:28 На русском

Ноокатта 21 млн сомго социалдык объекттер курулууда

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күңгөй айылы
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күңгөй айылы

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө комплекстүү социалдык объекттер курула баштады. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Надырбек Рузалиев билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күңгөй айылында 21 млн сомго комплекстүү социалдык объекттердин курулушу башталды. Комплексте 205 орундуу мектеп, 60 орундуу бала бакча, ФАП, мечит, ашкана, спорт аянтчасы жылытуу системасы менен бирге курулат. Долбоор араб инвесторлору тарабынан каржыланууда.

Буга чейин Күңгөй айылынын тургундары коңшу 4 чакырым алыстыктагы Катта-Талдык айылындагы мектеп, ФАП, бала бакча жана спорт залга барып жүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×