Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.09.2019 12:30 Жаңыланды: 21.09.2019 12:18 На русском

Баары мени Путин деп, өз атым унутулуп бара жатат, - Сузактын тургуну (видео)

Turmush -  Сузак районунун Октябрь айылынын тургуну Медет Абджапаровго айылдаштары, достору Путин деген ысым ыйгарып коюшкан. Анткени көпчүлүгү аны Россиянын президенти Владимир Путинге окшоштурушат. Ал АКИпресс—Жалал-Абад маалымат борборунда кызыктуу окуяларын айтып берди.

Медетбек Абджапаров 34 жашта, беш бир туугандын экинчиси, 3 уулдун атасы. Мектепте окуп жүргөндө, тактап айтканда 7-классынан тарта аны Путин деп атай башташкан. Классташтары «Путиндин коргоочусу болобуз» деп, аны жандап алышчу.

«Өзүмдү Владимир Путинге окшошмун деп деле эсептебейм. Эмнегедир айылдаштарым көп окшоштурушат. 2004-жылы Москвага барып, ал жакта 10 жыл кара жумушта иштедим. Ал жактан дагы орус улутундагы кесиптештерим «Сен биздин өлкө башчыбызга окшошсуң. Сен иш кылсаң, биз ыңгайсыз болуп жатабыз. Кара жумушта эмес, костюм-шым кийип, кеңседе иштесең болмок» дешчү. Россиядагы мекендештер мени көргөндө алгач орус тилинде сүйлөп кайрылышчу. Кээ бири менин кыргыз экениме ишенишчү деле эмес, качан гана кыргызча сүйлөп, ысымымды укканда ишенишчү», - деди ал.

Жолдоштору, айылдаштары менен бир дасторкондо отуруп калышса, «Путинди төргө өткөрөлү» дешип, ага жогору жактан орун беришет. Анын азан чакырылып койгон ысымы дээрлик унутулуп бара жатат.

«Медет деп ата-энем эле айтпаса, көпчүлүк эл мени каймана атымдан таанып калышты. Медет дешсе айылдагылар тааныбайт. Мен деле Путинди таасирдүү саясатчы катары билем. Анын чечкиндүүлүгү, жүргүзгөн саясаты жагат. Албетте, мүмкүнчүлүк болсо эл мени окшоштуруп жаткан адамга жолугуу ниетим бар. Бирок бул ишке ашпаган эле ой деп эсептейм», - дейт М.Абджапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×