Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 20.09.2019 09:56

Ноокаттын Кыргыз-Ата айылындагы сарайдан өрт чыгып, үй кошо күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында сарай, үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Абдыкеримов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 117 чарчы метр чатыры, 360 түк чөп, 1 тонна саман күйгөн. Өрт жанаша турган үйгө өтүп, анын 162 чарчы метр чатыры өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×