Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 14.09.2019 19:10 На русском

Ноокаттын Барын айылында 5 социалдык объект пайдаланууга берилди. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндө 5 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Баргы айылынын Таш-Коргон участкасында 5 социалдык объекттин ачылыш аземи өттү. Аталган айылда 2017-жылдын ноябрь айында мечит, ФАП, бала бакча, мектеп-гимназия, спорт залдын курулуштары башталган.«Таш-Коргон» атындагы мектеп-гимназиясы 150 окуучуга ыңгайлашкан. 280 окуучу 2 көөмөт менен билим алышат. Ал эми «Бактылуу балалык» бала бакчасы 90 орундуу. Курулуш иштерине араб инвесторлору тарабынан 280 млн сом берилген. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 988 миң 484 сом бөлүнүп, тургундардан 8 млн 50 миң сом чогулган. Ал эми жалпы сарпталган каражат 311 млн 488 миң 484 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×