Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 13.09.2019 12:30

Бир нече облуста уурулук менен алектенген адам Ноокаттан кармалды (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Дүкөндөргө жана турак үйлөргө кирип, уурулук кылып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын май айынын башында Ноокат шаарынын жана Ноокат районунун Көк-Жар айылынын аймагында бир нече уурулук фактысы катталып, Ноокат РИИБге бир нече жабырлануучу арыз менен кайрылган. Кылмыштардын бетин ачуу үчүн Ноокат РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталган. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын 1997-жылы туулган тургуну М.А. колго түшүрүлдү. Ал Бишкек, Ош шаарларында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын аймактарында да уурулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Шектүү М.А.

WhatsApp Image 2019-09-13 at 11.27.20

Шектүү М.А.нын катыштыгы бар делген Ноокат районундагы кылмыштар:

- Ушул жылдын 4-майында саат 11:00 чамасында Ноокат районунун 1990-жылы туулган тургуну М.З.нын (аял киши) «Редми Note 5» үлгүсүндөгү чөнтөк телефону кичи автобуста бара жатканда уурдалган.

- 27-май күнү Ноокат районунун 1997-жылы туулган тургуну Т.Р.нын «Редми 5» үлгүсүндөгү чөнтөк телефону Ноокат шаарындагы борбордук базардан уурдалган.

- 1-июнь күнү кечки саат 20:00дөн 2-июнь күнү саат 10:00гө чейинки аралыкта Ноокат районунун 1977-жылы туулган тургуну Н.Д.нын Ноокат шаарынын Эргешов көчөсүндө жайгашкан эч ким жашабаган үйүнө уурулар кирип, 3 миң 500 сомдук велосипед, 3 миң сомдук алюминийден жасалган шаты, 500 сомдук балта, 200 сомдук темир кесүүчү шаймандын жабдыктарын уурдап кетишкен.

- 2-июлга караган түнү Ноокат шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Х.Ф.нын Эргешов көчөсүндө жайгашкан менчик дүкөнүнө уурулар кирип, төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалды талкалап, анын ичиндеги 35 миң 290 сомду уурдап кетишкен.

- 3-июль күнү саат 14:00 чамасында Ноокат районунун 1973-жылы туулган тургуну А. кызы Г. Ноокат шаарындагы борбордук базарда соода кылып жаткан учурда белгисиз адам анын сумкасын жана анын ичиндеги 56 миң сом акчасын, жарандык паспортун уурдап кеткен.

- 6-июлга кара түнү Кара-Таш айылынын тургуну А.А.га таандык дүкөндөн 3 миң 190 сомдук товарлар уурдалган.

- 22-июль күнү саат 10:00 чамасында Ноокат районунун 1977-жылы туулган тургуну Т.М.нын Ноокат шаарындагы дүкөнүнөн «Самсунг» үлгүсүндөгү чөнтөк телефону уурдалган.

- 29-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Ноокат райондук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн кийимдерди алмаштыруучу жайынан Кыргыз-Ата айылынын 1968-жылы туулган тургуну М.У.нун (аял киши) сумкасынан анын паспортун, банк картасын жана 500 сом акчасын уурдап кетишкен. Ошол эле жерден К.Г.га (аял киши) таандык паспорт, 400 сом акча, 2 даана банк картасы уурдалган. Анын банк картасын пайдаланышып, банкоматтан 1 миң 500 сом акчасын чыгарып кетишкен.

Аталган фактылар боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 90-беренесинин (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) жана Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×