Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 12.09.2019 15:53

Ноокат жана Кара-Суунун токойлоруна кыргоолдор коё берилди (видео)

Turmush -  Ноокат жана Кара-Суу районундагы токойго кыргоолдор коё берилди. Бул тууралуу Ош-Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Чоң-Алай районундагы токойго 13 кыргоол коё берилген.

«9-сентябрь күнү Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Тал токоюна 12 баш, ошол эле күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын Ак-Терек токоюна 12 баш кыргоол коё бердик. Иш-чарага Ноокат токой чарбасынын жетекчилиги жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты», - деди У.Сейдалиев.

Буга чейин Turmush басылмасы Чоң-Алай районундагы Көк-Жар токоюна жумурткасы Россиядан алынып келинген 13 баш кыргоол коё берилгенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×