Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 11.09.2019 12:16 На русском

Аялын да, ойношу делген келинди да таштап качып кеткен кишинин окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чаткал райондук соту доогер Нурзаттын (аты өзгөртүлдү, Ж.В.С.) жоопкер Жеңишкандан (Ж.М., ысымы өзгөртүлдү) моралдык зыянды өндүрүү жөнүндөгү арызы боюнча жарандык ишти карап чыкты.

Нурзат (аты өзгөртүлдү, Ж.В.С.) менен Бектур (аты өзгөртүлдү, А.Б.С.) 2007-жылы баш кошуп, расмий никеге турушкан. Алардын балдары 2008-жылы, 2011-жылы жана 2013-жылы (жалпы 3 бала) төрөлгөн.

Кийин Бектур менен жоопкер ойноштук мамиледе болуп, бул кылыгы элге да белгилүү болгон. Экөөнүн мамилеси ачыкталып калганда Бектур мыйзамдуу аялын, балдарын таштап, Бишкек шаарына качып кеткен. Мындан улам Нурзат жоопкерден моралдык зыянды өндүрүү үчүн сотко кайрылган (доогердин сотко билдиргени боюнча).

Доогер Нурзаттын айтымында, күйөөсү Бектур жоопкер менен ойнош болгон. Кийин Бектур үй-бүлөсүн таштап, Бишкек шаарына качып кеткен. Ал эми Жеңишкан өзүнүн күйөөсү менен ажырашкан, учурда кош бойлуу (5 айлык).

Нурзат сотто жоопкердин жасаган ыпылас аракеттеринен улам кан басымы жогорулап, өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылууга мажбур болгонун, балдары ыза болушуп, «атам бизди таштап кетиптир го, мектепте сөз болуп жатат» деп ыйлап жатышканын, жоопкер бала бакчада иштегендиктен кичүү кызы бала бакчага барбай жатканын, ошондой эле эл арасында үй-бүлөнүн бузулушу тууралуу ар кандай сөздөр жүрүп жатканын айтты. Соттон жоопкерден 100 000 сом моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сурады.

Соттук отурумда жоопкер бул доого макул болгон жок. Анын айтымында, 2019-жылдын 27-март күнү белгисиз номур менен бирөө телефонуна чалган. Бирок ал чалууга жооп берген эмес. 28-март күнү кайра телефон чалган Бектур ден соолугун сурап: «Мен чалганда телефонуңду алып тур», - деп айткан. Жоопкер Бектурдун сөзүнө жооп кайтарып, аялына айта турганын билдиргенде, Бектур: «Айтсаң айта бер, жаман ишке кабыласың», - деп эскерткен. Кийин Бектур бала бакчанын жетекчисине телефон чалып, Жеңишкан менен сүйлөштүрүп коюну суранган.

«Мен анын номурун кара тизмеге киргизип койгом. Ал башка номур менен чалып, "мени кара тизмеден чыгарып кой" деп айтты. Сагынбек (ысымы өзгөртүлдү) деген кишинин телефонуна 3 жолу чалып: "Мен бирдеме болсом, катка сенин атыңды жазып кетем" деп коркуткан. Жумушка баратканда жолдо дайыма күтүп турчу», - деди ал.

Андан ары сөзүн улап, бала бакчага бара жатканда Бектур унаасына түшүргөнүн, бир жолу концертке барганда таякесинин унаасында киши көп болуп батпай калганын, андан кийин Бектурдун унаасына түшкөнүн, ошол учурда Бектур «өлөм» деп коркутканын билдирди.

Жыйынтыгында сот доогердин 100 000 сом моралдык зыянды өндүрүү жөнүндөгү доо арызын канааттандыруусуз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×