Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.09.2019 09:41

«Акчага кайсы тешигимди бүтөйм? Намыс керек»: А.Сакеев Миллиондун тукумун чоң акчага сатпай, таптап жатат. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 63 жаштагы тургуну Ахмат Сакеев Найза аттуу күлүктү таптап жатат. Аймактык кабарчы саяпкерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, бул күлүгү Таласта атактуу болгон Миллион деген күлүктүн тукумунан болот. Аны 7 миң долларга сатпастан багып жатат.

«Өзүм бала күндөн малга жакынмын. Болгондо дагы жылкы баласынын мүнөзүн жакшы түшүнөм. Канчалаган жылкыларды бактым, бирок азыркы Найза аттуу күлүгүмдөй болгон эмес. Бул Миллион деген айгырдын урпактарынан болот. 2 айынан алып келип баккам. Азыр 1 асый болду. Миллион деп аталган айгырдын тарыхы чоң. Ал көптөгөн жарышка түшүп, бир нече унааларды уткан. Ошондой күндөрдүн биринде бир казак кишинин көзү түшүп, ээсинен 700 миң сомго сатып алган. Ошол замат бир аксакал намыстанып кетип, баягы казак кишиге «сага миллион берейин, күлүк атты калтыр» деп Таласка алып калган. Ошентип ысымы Миллион болуп калган.

Найза эч кимге тийбейт, азоолугу жок. Бага баштаган күндөн тарта эле сат дегендер көп келет. Акыркы жолу 7000 долларын көтөрүп келгенде дагы берген жокмун. «Ал акчага кайсы тешигимди бүтөйм? Намыс деген керек» деп бербей койгом. Казактардан дагы келип сурагандар бар, берген жокмун. Атка дагы көз тийип, начарлап калат. Мен аны дароо байкайм. Ошондой кездерде өзүм дем салып коём. Буга чейин майда жарыштарга түшүп, 1-орунду берген эмес. Азыр мындай күлүк аттар аз. Булчуңдуу, чарчаганды билбейт. Ушундай жакшы жылкыларды көбөйтсөм дейм.

Күлүгүмдү жанымдан чыгарбайм. Бул жок болсо ооруп калам. Тартиби менен басат, жем-чөбүн жейт. Мурду жытты жакшы сезет. Таза чөптөрдү тандайт. Жылкылар жакшылап кароону, жакшы мамилени талап кылат. Ошондуктан буларды уруп-согуп, сөкпөйм. Сөгүп койсом 1 күн тамак жебей коёт. Күн жылууда эшикте жатып эс алып калам. Ошондо менин жаныма келип жатат (күлүп). Кичинесинен багып, мага көнүп калган. Тили гана жок, баарын түшүнөт.

Иним менен бирге жакшы жылкыларды сатпастан көбөйтүп келебиз. Алардын катарында Өмүрбек Бабановдун мыкты айгырынын баласын дагы багып келебиз. Максатыбыз — кыргыз рухун көтөрүп, таза кандуу аттарды сактап калуу», - деди ал.

Саяпкер мындан тышкары зергерчилик менен алектенет. Үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×