Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 25.08.2019 15:34 На русском

ЖКККББ инспектор айым менен айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Turmush -  Ноокат РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Зарина Камбарова кызматтык этиканы сактабагандыгы үчүн катуу сөгүш алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-август күнү интернетте Ош–Исфана жолунда тартылган тасма жарыяланган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү Зарина Камбарова «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру 01кg817AAV) арткы багажнигин ачып алып айдап келе жаткан айдоочуну токтоткон.

Видеодо инспектор айым айдоочуга келип, документин талап кылганы тартылган. Айдоочу болсо андан эмне себептен токтоткондугун сураган. Инспектор 228-беренени айтып, документтерин талап кылган. Айдоочу документтерин берери менен алып кетип калган. Айдоочу инспектордон ал кайсы эрежени бузгандыгын суроосун уланткан. Бир аздан кийин башка инспектор келип сүйлөшкөн. Андан соң инспекторлор кетип калган.

Видеону толук бул шилтемеден көрсөңүз болот.

Аталган видео боюнча ИИМдин ЖКККББнын жетекчиси тарабынан кызматтык териштирүү дайындалган. Анын жыйынтыгында жогорудагы окуя 2019-жылдын 31-июль күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында болгону такталды. Бул видео боюнча ЖКККБнын бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Зарина Камбаровага кызматтык милдетинде каралган милдетерин так сактабагандыгы, ИИМдин тиешелүү буйруктарынын талаптарын жана кызматтык этиканы так сактабагандыгы үчүн катуу сөгүш жарыяланды. Өздүк курам арасында мындай окуяларды алдын алуу үчүн атайын сабактар өтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×