Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 20.08.2019 15:26

Ноокатта социалдык тармак аркылуу жаңы айыл өкмөт башчы издеп жатышат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Бел айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттары социалдык тармактар аркылуу айыл өкмөт башчы издеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү кеңештин депутаты Жеңишбек Эсенбаев билдирди.

Анын айтымында, аларга долбоорлор менен иштей алган жаш кадр керек.

«Биздин айыл өкмөттө 2 эле айыл бар. Жеке ишкерлер тарабынан жардамдар көрсөтүлөт, ага карабастан айыл өкмөт өнүкпөй жатат. Соңку айыл өкмөт башчыбыз Калмамат Казмачиев жашы өтүп калгандыктан, ден соолугуна байланыштуу өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен. Өнүккөн айыл өкмөттөрдүн катарына киргибиз келет. 14-август күнү өзүбүздүн эле айылдан эки талапкер катталып, бирок 11 депутат аларга каршы добуш берип, экөө тең шайлоодон жетиштүү добуш алышкан жок. Өзүбүздүн айыл өкмөттөн татыктуу кадр чыкпагандыктан, райондун аймагынан чыгып калабы деп жарыя бердик. Биз жердешчиликке карабайбыз, айыл өкмөттү өнүктүрүп берсе болду», - дейт Жеңишбек Эсенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×