Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 20.08.2019 09:24

Президент Ош облусундагы 16 калктуу конушту айыл категориясына киргизди

Город Ош
Город Ош

Turmush -  Ош облусунун аймагындагы 16 калктуу конуш мындан ары айыл катары эсептелип, жергиликтүү маселелер административдик бирдик катары чечилип турат. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 19-августта кол койду.

Маалым болгондой, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынан жалпы 31 калктуу конуш айыл категориясына кирди. Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын макамы көтөрүлүп, өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик катары жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү укугун берет. Тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жергиликтүү жамааттын демилгелерин арттырат жана жоопкерчиликтерин күчөтөт. Ушул максатта инвестицияларды тартуу, ар кандай долбоорлор менен кызматташуу, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелери активдештирилишине түрткү болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ош облусундагы айыл категориясына кирген калктуу конуштар:

— Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал айылы деп аталсын;

— Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Маданият айылы деп аталсын;

— Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Пахта-Абад айылы деп аталсын;

— Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Ара-Булак айылы деп аталсын;

— Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Бөрү-Токой айылы деп аталсын;

— Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Желе-Дөбө айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Жаш айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Таш-Булак айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Беш-Коргон айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын Бостон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Бостон айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Чоң-Кыштоо айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Мырза-Найман айылы деп аталсын;

— Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Он Эки-Мойнок айылы деп аталсын.

— Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Өрнөк айылы деп аталсын;

— Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кашка-Терек айылы деп аталсын;

— Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Ынтымак айылы деп аталсын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×