Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 16.08.2019 12:37

Кара-Таш айыл өкмөтү Б.Мамарасуловдун жетекчилиги менен өнүгүү жолунда

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл аймагы 1996-жылы май айында түзүлгөн. Кара-Таш айыл аймагынын курамына эки айыл карайт. Алар: Кара-Таш, Нойгут айылдары. Айыл аймакта 15 миң 364 адам жашаса, кожолуктун саны — 2 миң 294.

Айыл өкмөттүн аймагында маданият үйү, 4 орто мектеп, гимназия, 4 бала бакча, 4 спорт зал, 4 китепкана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 ФАП, 2 тегирмен, 7 дүкөн, 2 чайкана, кондитердик ишкана, 8 мечит, кирпич чыгаруучу цех, мөмө-жемиштерди иштетүүчү цех, 2 ветсервис, СПА (суу пайдалануучулар ассосациясы), ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси, кичи футбол аянтчасы, 4 мончо, фермердик чарба, 926 дыйкан жана жеке чарбалар жайгашкан.

2018-жылы Кара-Таш айыл өкмөтүнө тартылган инвестициялар:

Кара-Таш айылына АРИС тарабынан 1 млн 693 миң сомго ветсервис курулган. Кош-Дөбө, Таштакта бала бакча жок болгондуктан ата-энелердин суранычы, депутаттын жардамы менен 37 млн сомго 100 орундуу бала бакча курулууда.

1951-1952-жылдары курулган А.Мамыров атындагы мектебинин имараты жараксыз абалга келип калгандыктан 56 млн сомго 2016-жылдан баштап жаңы имарат курулуп, октябрь айында колдонууга бериле турганы күтүлүп жатат. 1987-жылы курулуп, бир дагы капиталдык оңдоодон өтпөгөн К.Жунусов атындагы орто мектеби 15 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

«Нойгут орто мектебине 1 млн 300 миң сомго ашкана курулган. 1983-жылы курулган айыл өкмөттүн имараты 600 миң сомго оңдоодон өткөрүлгөн. Ошондой эле 32 жыл мурда курулган маданият үйү 1 млн 670 миң сомго түрткү берүүчү грант тарабынан толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө айыл калкынын 75 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен 19 млн 250 миң сомго таза суу тартылган. Жолдорду асфальттоо иштери буга чейин Таштак бөлүгүндө 1 чакырым 200 метр жерде, Борко айылына чейинки 1 чакырым жерде жүргүзүлсө, быйыл А.Нурдинов көчөсү (1 чакырым жол) 4 млн 350 миң сомго асфальтталды. Араб инвестору Саид Баюми тарабынан, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун демилгеси менен 47 млн сомго эки кабаттуу мечит курулган. Ошондой эле элдин жардамы менен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Чечме-Сай айылына 3 көпүрө курулган.

2018-жылы Кара-Таш айыл аймагында эл аралык донордук уюмдар тарабынан, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпысынан 154 млн 508 миң сомдук жумуш аткарылган. Айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө сырткы жана ички инвестицияларды тартуу менен социалдык объектилерди куруу, калыбына келтирүү, оңдоо жана архитектуралык жайгаштыруулар маанилүү болуп саналат. Сырткы инвестицияларды, демөөрчүлөрдү тартууда айылыбыздан чыккан депутат Төрөбай Зулпукаровдун салымы чоң. Ошондой эле айылдык кеңештин депутаттары тарабынан да айылдын өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатат», - дейт айыл өкмөт башчысы Баатырбек Мамарасулов.

2019-жылы аткарылган жана аткарылып жаткан иштер:

- 2 млн 100 миң сомго Нойгут айылынын жетекчилигинин имараты курулууда;

- Жыл сайын республикалык бюджеттен 1 километр жол асфальтталат. Быйылкы жылы да Нойгут айылында 1 километр жол асфальтталган. Айыл өкмөт тарабынан жолдун четиндеги тал-теректерди алуу, жолду кеңейтүү иштерине 80 миң сом пайдаланылган;

- Селдин алдын алуучу дамбаларды оңдоо, суу чыгуучу бетон арыктарды куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом каралган;

- Ноокат райондук электр тармагы ишканасына айылдык кеңештин депутаттары тарабынан долбоор жазылып, 1 трансформатор, 70 темир бетон мамычалары орнотулган;

- Айылдагы таштандыларды топтоого «Беларус» трактору алып келет;

- АРИСтин эсебинен тоолордогу өлгөн жаныбарларды көмүү үчүн 551 миң сомго беккари чуңкуру курулууда. Ошондой эле мигранттардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 60 орундуу заманбап бала бакча курулууда. Ага 20 млн сом сарптоо пландалган. Депутат Т.Зулпукаровдун демилгеси менен аллея куруу, айыл аймактын кире беришине арка орнотуу пландары бар.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баатырбек Мамарасулов айыл өкмөттө 20 жылдан бери иштеп келет. Айыл өкмөт башчысы болгонго чейин статистикалык бөлүмдө, андан соң жооптуу катчы, айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматтарында эмгектенген. 2017-жылдан баштап айыл өкмөт башчысы болгон.

Ал жергиликтүү бюджет 2 миллион сомго көбөйгөнүн белгилеп, эл аралык донордук уюмдар, республикалык каржылоо булактары, демөөрчүлөр тарабынан берилген, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу менен калктын социалдык абалын жакшыртуу үстүндөгү иштерди айыл өкмөттүн жамааты уланта турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×