Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 05.08.2019 13:12 На русском

Сүрөт — Ноокатта унаасы оодарылып кеткен айдоочу каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда унаасы оодарылып кеткен айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

1-август күнү саат 19:30 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 20-чакырымында, тактап айтканда Т.Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Таш айылында Ноокат районунун 1971-жылы туулган тургуну Т.Б. өзүнүн «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасын Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен жана айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган жол кырсыгы боюнча Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×