Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 02.08.2019 13:27

Бала бакчанын үстүнө дагы 1 кабат куруу пландалууда. Ата-энелер чогулткан 1,2 млн сом мыйзамдуубу?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат шаарындагы «Курманжан датка» мамлекеттик бала бакчасында 280 бала тарбияланат. Быйыл аталган бала бакчага электрондук кезекте турган 300дөй бала бар. Бала бакчага кошумча тайпа ачуу үчүн бир кабаттуу имараттын үстүнө дагы 1 кабат куруу пландалууда. Ата-энелер курулуш иштери үчүн бала бакчанын жетекчилиги алардан 2 миң сомдон, ал эми бала бакчага жаңы кирген балдардын ата-энелеринен 8 миң сомдон чогултуп жатканын билдиришти.

Баласын бала бакчадан чыгарып же карабай коюшат деп кооптонгон Ы.Ж. атын жашырып коюуну өтүнүп, ата-энелер мамлекеттик бала бакчанын оңдоп-түзөө иштерине акча чогултууга милдеттүү эместигин айтты.

«Ата-энелердин чогулушу болуп, бала бакчанын жетекчилиги бала көбөйүп кеткендиктен кошумча тайпа ачуу үчүн имарат курууга жардам бергиле дешти. Балдарын араң киргизгендер айла жок макул болушту. 280 баланын ата-энеси 2 миң сомдон чогултса, 560 миң сом болот экен. Андан сырткары 90 бала жаңы алынса жана алардын ата-энелери 8 миң сомдон беришсе, дагы 720 миң болот (жалпы 1 млн 280 миң сом). Бирок ата-энелер чогулткан акча ара жолдо калат деп ойлойм», - дейт Ы.Ж.

Аталган бала бакчанын жетекчиси эс алууда болгондуктан аймактык кабарчы тарбиячы Мыйман Касымовага суроо менен кайрылды. М.Касымова ата-энелерден акча чогултууну камкорчулар кеңеши сунуштаганын билдирди.

«Бала бакча 1966-жылы курулган. Жыл сайын оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп турат. Быйыл да 105 миң сом бөлүнүп берилди. Бала бакчага райондогу балдар келгендиктен кошумча тайпа ачуу сунушун ата-энелер өздөрү киргизишти. Ата-энелердин арасында архитектор бар экен, ал болжолдуу долбоорун чийип, сметалык баасын чыгарды. Сметалык болжолдуу баасы 2 млн сомдон ашат экен. Ата-энелер балдарыбыз тарбияланса болду, канча десеңер беребиз дешкен, аларды эч ким мажбурлаган эмес», - дейт Мыйман Касымова.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттеги каражат жетпесе гана ата-энелер акча чогултса болорун айтып, каражат мыйзамсыз чогултулуп жатканын билдирди.

«1966-жылы курулган имараттын үстүнө дагы кошумча имарат куруу туура эмес. Экинчиден долбоор архитектордун, мамлекеттик экотехинспекциянын текшерүүсүнөн өтүшү керек. Ал жерде каралчу маселелер көп. Мэрияга сметалык баасын көрсөтүшсө, жок дегенде жарым акчасын таап бермекпиз. Чынын айтканда ата-энелер чогулткан акча долбоордун документтерин даярдаганга да жетпейт. Мисалы мектеп куруу үчүн топуракты экспертизадан өткөрүүгө 36 миң сом кетти. Ошондуктан курулуш баштала электе өз алдынча акча чогултуу туура эмес», - дейт Ж.Нурдинов.

Ал бала бакчага акча чогултуп жатышканы жөнүндө кабары бар экенин, себеби баласы аталган бала бакчага бара турганын жана жубайы чогулушка да катышканын кошумчалады.

Балдары «Курманжан датка» бала бакчасында тарбияланып жаткан кээ бир ата-энелер өз каалоолору менен акча берип жаткандыктарын айтышты. Алардын бири Назокат Юнусова жок дегенде курулуштун документине акча чогулталы деген сунушту ата-энелер өздөрү киргизишкенин билдирди.

«Бала бакча 1966-жылы курулган, бирок азыр үстүнө дагы бир кабат коштуралы деген имарат 1987-жылы курулган. Архитектор ал имаратты көрүп, жеңил типтеги дагы бир кабат коштурса болот деди. Жергиликтүү бийликке көп эле жолу кайрылганбыз. Аларды күтүп отурсак, балдар бала бакчага батпай, тайпалар жабылып калып жатат. Буга чейин ата-энелердин жардамы менен видеокөзөмөл орнотулуп, ашар жолу менен көп эле иштер бүткөн. Акчаны ар ким шартына жараша берип жатат», - деди Назокат Юнусова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×