Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 31.07.2019 15:14

Төрага Д.Жумабеков Ноокаттагы ооруканага тез жардам унаасын алдырып берүүнү убадалады (сүрөт)

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ноокат аймактык ооруканасына тез жардам унаасын алдырып берүүнү убадалады. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.

Кечээ, 30-июль күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков иш сапары менен Ноокат районуна келген. Иш сапардын алкагында Ноокат аймактык ооруканасынын 2018-жылы курулган неврология, ушул жылдын башында ачылган ангионеврология жана медициналык реабилитология бөлүмдөрүнө барды. Ал бөлүмдөрдөгү заманбап жабдуулардын иштешине күбө болду. Андан тышкары медициналык кызматкерлердин кайрылуусу менен ангионеврология бөлүмүнө, тактап айтканда мээсине кан уюп калган бейтаптар үчүн томография аппаратын жана заманбап тез жардам автоунаасын алдырып берүүнү убада кылды.

Ошондой эле Д.Жумабеков иш сапардын алкагында райондогу бир катар мектептерге барып, Ынтымак айылында жаңы курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу менен таанышып, тургундар менен жолукту. Иш сапардын алкагында Д.Жумабековду парламенттеги депутаттар коштоп жүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×