Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 30.07.2019 11:04 На русском

Ноокатта жаш жигитти коркутуп, унаасын карактап кеткендер изи сууй электе кармалды (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда каракчылар изи сууй электе колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

28-июль күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Бел айылында азиат түспөлүндөгү 2 адам «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун коркутушуп, анын унаасын тартып алышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ноокат РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Ноокат районунун Бел айылынан Ноокат районунун 1989-жылы туулган тургуну К.У. жана Баткен облусунун 1989-жылы туулган тургуну Т.М. изи сууй электе кармалышты.

Тергөө иштеринин алкагында 28-июль күнү саат 17:30 чамасында аталган кылмышка шектелген К.У. жана Т.М. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Б.Ш.дан унаасы менен Кызыл-Кыя шаарынан Ноокат районунун Бел айылына жеткирип коюуну суранышкан. Бел айылына жеткенде шектүүлөр айдоочуну ашкана бычагы менен коркутушуп, унаанын документтерин сурашкан. Жабырлануучу өмүрүнө кооптонуп, окуя болгон жерге унаасын таштап, качып кеткен.

Аталган факт Ноокат РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кылмышка шектүү К.У. жана Т.М. Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалышкан.

Тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×