Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 30.07.2019 10:24 На русском

«Сиз менен кетип калгым келип жатат»: Россияда иштеп жүргөн Нурбек 9 жылдан бери дайынсыз

Дайынсыз жоголгон Нурбек Орозбек уулу
Дайынсыз жоголгон Нурбек Орозбек уулу

Turmush -  Россиянын Москва шаарында иштеп жүргөн Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 1990-жылы туулган тургуну Нурбек Орозбек уулу 9 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Ыкыбал Анарматова билдирди.

Анын айтымында, ал Кыргызстандын Россиядагы элчилигине, тийиштүү органдарга кайрылган, бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок.

«Мен Россияда иштеп жүргөндө иним Бишкекте иштечү. “Мен да Россияга барайын” деп калды. Чакыртып, жумушка орноштурдум. 1 ай чогуу жашап, кийин достору менен башка жакка бөлүнүп кетти. Инимдин Россияга келгенине 2 ай болгондон кийин мен Кыргызстанга барышым керек болуп калды. Түнкү саат 24:00дө мени "Казань" вокзалынан поездге салып жиберген. Мага “эже, сиз менен кетип калгым келип жатат” дегенде “кой, келгениңе 2 эле ай болду го” деп жөнөп кеткем. Бирок мени узаткандан кийин үйгө барбаптыр.

3 күндөн кийин иштеген жеринен телефон чалышып, иниңиз келбей жатат дешкенинен Россиядагы туугандарыма айткам. Мен Кыргызстанда той өткөрүп, документтерди даярдап, Москвага барганча 2 ай өтүп кетти. Россияга барарым менен элчиликке кайрылып, өлүкканаларды текшерттик. Өлгөнүн же тирүүсүн билбеген кыйын экен. Кээ бирлер дагестандыктар коркутуп, уруп, кирпич заводдо иштетишет экен дешет, кээ бирлери өлтүрүп, денесин ыргытып жибериши мүмкүн деп жатышат. Апамда 9 жылдан бери уйку жок, баласын күтүп жатат», - дейт Ыкыбал Анарматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×