Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 16.07.2019 16:23 На русском

Үй-бүлөсү менен жайлоого эс алууга барган келин каза болду. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда 37 жаштагы келин дарыяга агып каза болду. Бул маалыматты Ноокат аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Кечээ, 15-июль күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургундары жеңил автоунаа менен Кара-Кой жайлоосуна эс алганы барышкан. Унаада каза болгон келиндин жолдошу, балдары жана кайын эжеси болгон.

Окуя болгон күнү тургундар Кара-Кой жайлоосуна саат 14:00 чамасында жетишкен. Кайын эжеси менен келин дарыянын жээгинде бутун сууга салып эс алып отурушкан. Ошол учурда келин сууга агып кеткен. Ал эми келиндин жолдошу балдары менен шишкебек бышырып жатышкан. Ал жубайынын сууга агып бара жатканын көрүп, ошол жердеги адамдардан жардам сураган. Башка эс алуучулар келиндин денесин сууга аккан жерден 1 чакырым алыстан жээкке алып чыгышкан.

Андан кийин тез жардам кызматын чакырышып, келинди Ноокат аймактык ооруканасына жеткиришкен. Кийин анын денесин Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө алып кетишти.

Маалымат:

Кара-Кой жайлоосу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жайгашкан. Ал Алай тоолорунун оң тарабынан башталат. Чыгыш тарабы Мазар, ал эми батыш тарабы Алтын-Бешик зоолору менен курчалган. Күн чыгыш тарабындагы тоонун түбүнөн эки бөлөк булактан таза суу чыгып, алар Кыргыз-Ата дарыясын түзүшөт. Тоонун түбүнөн чыккан сууну Суу-Чыкты деп аташат.

Суу-Чыктынын күн чыгыш тарабындагы тоонун бети калың арча токой болуп, анын жогору жагы Кум-Бел деп аталат. Аталган белде ыйык деп эсептелген Мазар үнкүрү бар. Ошол себептен жалпысынан ал жер Кызыр-Ата-Мазар жайлоосу деп аталып калган. Мазар жайлоосунан дарыяны бойлоп төмөн түшкөндө маңдай беттеги зоонун боорунда Кыз-Коргон табигый таш коргону бар.

Ал коргондо чоң үңкүр жайгашкан. Байыркы заманда жоо айылды өрттөп, мал мүлктү талап, жигиттерди туткундап, кыздарды олжолоп турганда тукум курут болбойлу деген ата-бабалар кыздарын ошол үңкүргө жашырышкан деп айтылат.

Анын төмөн жагындагы Мазар менен Кара-Кой сууларынын бириккен жери Чат деп аталат. Чаттан жогору Мурдарчы, Алтын-Бешик деп аталган зоолор бар. Андан кийин Калдай, Берки-Суу, Кураган, Булалык, Курак-Тектир, Соң-Кыштоо, Шамшили, Эчки-Атар, Жастокой, Шибели жана башка айылдар жайгашкан.

Жаратылышы кооз Кара-Койдо арчалар жыш жайгашкандыктан «карап кой» деген сөздөн Кара-Кой деп аталып калган дешет.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө жана Борко айылдары кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×