Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 16.07.2019 10:41

Тойдон кайткан үй-бүлөнүн унаасы сууга кулаган: Үч кишинин денеси табылды. Сүрөт

Ак-Буура суусу
Ак-Буура суусу

Turmush -  Ак-Буура суусуна унаа менен кулаган 4 адамдын үчөөсүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү саат 17:30 чамасында Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна түшүп кеткен «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаада 3 эркек, 1 аял болгон.

14-июль күнү кечинде 1963-жылы туулган Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денесин табылган. 15-июлда издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 64 куткаруучу тартылып, саат 07:20да 1946-жылы туулган Р.Э. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Саат 19:00 чамасында 1960-жылы туулган Р.И. аттуу аял кишинин жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Караңгыга байланыштуу саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. 16-июлда издөө улантылат.

Буга чейин Ак-Буура дарыясына унаа менен кулаган туугандардын ичинен эне-бала табыла электиги маалымдалган. Унаадагылар Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Бел айылынын тургундары болушкан. Алар 14-июлда Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы тойдон келе жатышкан. Издөө иштерине 65 куткаруучу жана 65 жергиликтүү тургун чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×