Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 09.07.2019 21:00

Сүрөт — Ноокатта кылкандуу дан эгиндерин жыйноо башталды

Turmush -  Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

7-июль күнү Таш-Булак айылында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган дан эгиндерин оруп-жыйноо жумуштары боюнча жыйын өткөн. Анын жүрүшүндө өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынга райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн адистери, фермерлер, райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Араван, Кара-Суу районундагы дыйкандар катышты.

Ноокат районунда жалпы 15 миң 757 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×