Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 05.07.2019 11:20

Ноокаттагы ички көчөлөр 12 млн сомго асфальтталып жатат

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Нуркут айылында узундугу 4 км 100 метр болгон ички жолдорго асфальт төшөлүп баштады. Бул маалыматты Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек Эшматов тастыктады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 1 км 400 метр жолго асфальт төшөлүп бүттү.

«Быйыл ички жолдорду оңдоп-түзөп, жолдорго асфальт төшөөнү пландаганбыз. Учурда курулуш иштери уланып жатат. Жумуштарды 1-октябрга чейин бүтүрүү мөөнөтүн койгонбуз, бирок 1-сентябрга чейин эле бүтүрөбүз деп жатышат. Төөлөс айыл өкмөтүнүн бюджетинен 4 миллион сом бөлүнүп, элден, демөөрчүлөр тарабынан 8 миллион сом топтолгон. Жалпы 12 миллион сомго курулууда. Жолдун туурасы 4,5 метр, асфальттын калыңдыгы 7 сантиметрди түзөт», - деди Адылбек Эшматов.

Буга чейин Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу эки айылга 4 миллион сомго таза суу чыгарылган. Ошондой эле узундугу 400 чакырым болгон канал тазаланып, эгин талааларга сугат суу жеткирилген. Каналды тазалоого жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×