Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 01.07.2019 16:54

Ноокатта 4 айылды байланыштырган жол асфальттала баштады. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 4 айылды байланыштырган жолго асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата жана Кара-Кой айылдарын байланыштырган жолго асфальт төшөлө башталган. Бул жолдун узундугу 4 чакырымды түзөт. Жолдун курулушуна жергиликтүү айыл өкмөттөн, Дүйнөлүк банктан жана АРИС тарабынан 20 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Буга чейин аталган жол 40 жылдан бери оңдолбой, элдин негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген.

Аталган 4 айылда 7 мектеп, 8 бала бакча, 1 ФАП, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 2 маданият үйү бар. Эң негизгиси бул жол оңдолсо элге, мектеп окуучуларына жакшы шарт түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×