Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 19.06.2019 21:00 На русском

Ноокаттагы мектептин ашканасы ашар жолу менен 6,5 млн сомго курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 18-июнь күнү Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев Исанов айыл өкмөтүндө жайгашкан Кожоке атындагы орто мектебиндеги курулуш иштери менен таанышты. Учурда аталган мектепте ашар жолу менен типтүү ашкана салынууда. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Зайнабидин Мамасадыков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мектепте СССР убагында салынган буфет бар болчу.

«Салынып жаткан ашкана 100 балага ылайыкташкан. Сметалык баасы жалпы 6,5 млн сом болгон долбоор түзүлгөн. Ал тургундардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен каржыланууда. Райондук администрация тарабынан 5 тонна цемент берилсе, Кызыл-Кыя цемент заводунан кирпич берилген. Курулуш иштерин 15-июлга чейин бүтүрүп, мектепке тапшыруу пландалууда. Ашкана жаңы окуу жылына чейин “Мерсико” долбоорунун негизинде жаңы жабдыктар менен камсыздалат», - деди З.Мамасадыков.

Ушул эле айыл өкмөттө жайгашкан Байыш орто мектебине да ашар жолу менен 40 орундуу ашкана курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×