Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 18.06.2019 22:00 На русском

Ноокаттын көчөлөрүндө мыйзамсыз соода кылгандарга катуу чара көрүлөт (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарынын көчөлөрүндө мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга кескин чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы административдик комиссиянын төрагасы — вице-мэр Данияр Тажибаев билдирди.

17-июнь күнү Ноокат шаардык мэриясы тарабынан Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде шаардын аймагында мыйзамсыз, өз билемдик менен соода жүргүзгөн, ошондой эле белгиленбеген жерлерге таштанды таштаган жарандарга карата «Бузуулар боюнча жаза чарасын колдонуу» жөнүндө протокол толтурула баштады.

Буга чейин жүргүзүлгөн иштер тийиштүү жыйынтыктарды берген эмес. Ошондуктан азыр жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бузууларды каттап, айып пулдарын белгилеп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бере алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×