Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуНоокат району 06.06.2019 16:46

Ноокатта бүтүрүүчүлөр мектебине бастырма куруп, дарбаза орнотуп беришти (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргы-Ата айыл өкмөтүндө бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн мектебине 300 миң сомго бастырма куруп, дарбаза орнотуп беришти. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Демилгени Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Темиралиев орто мектебинин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү көтөрүшкөн. Алар мектепке бастырма куруп беришсе, айыл өкмөттөгү А.Парпиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү дарбаза орнотуп беришкен. Эки мектептин курулушуна кеткен жалпы чыгым 300 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×