Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 05.06.2019 10:15 На русском

Ноокатта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектебине 3 млн сомдук белек камдап жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектебине 3 млн сомго кичи футбол аянтчасын куруп жатышат. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, С.Токторов атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин жанына кичи футбол аянтчасын куруп жатышат. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы аяктап калды.

«Аянтча айылдагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, ден соолугун чыңдоого шарт түзүп, аларды кылмыштуулуктан алыстатуу максатында курулууда», - дейт Бакытбек Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×