Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 29.05.2019 19:09 На русском

Ноокаттын тургуну бала бакчанын жерине турак үй куруп баштаган, - прокуратура

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокатта бала бакча үчүн бөлүнгөн жер турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Бакыт Арабеков билдирди.

Маалым болгондой, Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийде айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги «Жийде-Бурак» бала бакчасына таандык жер аянтынан А.Ж. аттуу жаранга турак үй куруу үчүн 0,15 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген.

Ноокат райондук прокуратурасы Ош облусунун райондор аралык сотуна Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2005-жылы 25-август күнү чыгарган жер тилкесин менчикке берүү жөнүндөгү токтомун жана 2013-жылдын 6-декабрында жер участогуна берилген жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу үчүн доо арыз менен кайрылган. Ош облусунун райондор аралык соту 2018-жылдын 19-январында доо арызды канааттандырып, көрсөтүлгөн токтомду жана мамлекеттик акты жараксыз деп тапкан.

Ошондой эле Жогорку соттун 2018-жылдын 25-сентябрындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун чечимн өзгөртүүсүз калтырылган.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылы 15-апрель күнү жазган катына ылайык, жогоруда аталган жер тилкесине каза болгон А.Ж. аттуу жарандын мураскору Ч.Ж. 108 чарчы метр жерге бийиктиги 2 метр болгон турак үй куруу үчүн пайдубал тургузган жана 0,15 гектар жер темир тосмо менен тосулган. Ошондуктан курулушту бузууга жана жер тилкесин мурдагы калыбына келтирүүгө Ноокат райондук прокуратурасы ушул жылдын 15-апрелинде Ноокат райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Учурда арыз соттук кароодо турат.

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын ичинде мыйзамсыз курулган курулуштар боюнча 28 текшерүү иштери жүргүзүлүп, 127 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Алардын ичинен 6 административдик, 2 тартиптик өндүрүш иши жана 2 кылмыш иши козголуп, 6 доо арыз келтирилген. Ошондой эле 31 жаран тартиптик жоопкерчиликке жана 6 адам административдик жоопкерчиликке тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×