Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 29.05.2019 17:08 На русском

«Кыздарга тийишсең соттотот»: Р.Аскаров айына 120 миң сом табууга боло турган шаарда иштейт (сүрөт)

Расул Аскаров (оң жакта)
Расул Аскаров (оң жакта)

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айылынын 28 жаштагы тургуну Расул Аскаров 2 жылдан бери Түштүк Кореянын Пентек шаарында эмгектенип келет. Ал корейлердин «салам» деген сөзүн он күн дегенде араң үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Расул мырзага досу Корея тууралуу айтып, ошол жакка кетип жатканын билдиргенде, ал досунун сөзүнө анча көңүл бурган эмес. Бирок Р.Аскаров 2017-жылы досторунун чакыруусу менен Россияда иштеп жүргөн жеринен Кореяга жер которгон.

«Алгач келгенде кыргыз балдар болуп курулушта иштедим. Бирок шериктерим курулуш компаниясы менен келишимдери бүткөндө башка жумуш таап кетишти. Мен ошол эле жерде иштеп калдым. Корей тилин жергиликтүү калк менен сүйлөшүп жатып эле үйрөнүп кеттим. Түшүнбөй калсам, алар жай айтып, кайталап беришет. Корей эли биздин калкка салыштырмалуу кыйла сабырдуу болушат экен.

Тил үйрөнө элек кезимде кызыктуу окуяларга туш болдум. Дүкөнгө май алганы барып, корей тилин окуй албагандыктан, уксус кошулган май алыптырмын. Корей элинин үнүн бийик көтөрүп сүйлөгөнүн уккан жокмун. Бири-бирин сыйлашат экен. Чөп-чардан жасалган тамактарына, деңизге жакын болгондуктан суугуна көнүү кыйын болду. Кыргыздардан башка Филиппин, Индонезия, Иран, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн жарандары дагы келип иштешет. Мусулмандарга дин тандоо эркиндиги берилген, намаз окуганга такыр тоскоол болушпайт. Түшкү тамакка да "мусулмандар чочконун этин жебейт" дешип биз айткан тамакты алып келишет. Айлык акы Кыргызстанга салыштырмалуу жогору болгону менен жумуш оор. Завод, талаада иштеп, айына 100-120 миң сом айлык алууга болот. Мигранттардын 70-80 пайызы оор жумуштарда, заводдордо 10-12 саатка чейин иштешет. Кореяда 10-15 жылдан бери иштеген кыргызстандыктарды кезиктирүүгө болот», - дейт Расул Аскаров.

Аны корей элинин эмгекчилдиги, мыйзамды сыйлап, мыйзамдан коркуп турушканы таң калтырган. Ал корей кыздарына тийишип же сүрөткө тартып жаткандарды көрүшсө, соттотуп жибериши мүмкүн экенин билдирди.

«Корейлердин 7 жаштагы баласы окуудан колу бошобойт экен. Кемпир-чалдары дагы эмгекчил, пенсияга чыктык деп жатып алышпайт. Бирок бирөө жумушта туура эмес иш жасап койсо же акча алып жатканын көрүшсө, дароо жетекчиликке жеткирип коюшат. Негизи бул жакшы эле көрүнүш, бирок кыргыздар үчүн өөн учурайт эмеспи. Учурда курулушта иштейм. Ижарага үй алып, айына 350 доллар төлөйбүз», - деди Расул мырза.

Ал Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар түптөгөн уюмдар жана маданий борборлор тарабынан уюштурулган маданий иш-чараларга активдүү катышат. Ноорузда боз үй тигип, жергиликтүү тургундарды таң калтырышкан.

«Ошондо корейлер "ушундай кооз, ыңгайлуу үйүңөр турса, үй салып, кыйналбай эле койгула да" дешкен», - дейт Р.Аскаров.

Расул мырза эки кыздын атасы. Ал жубайын жана кыздарын Түштүк Кореяга көчүрүп барып, көп убакытка ошол жакта иштөөнү көздөп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×