Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 27.05.2019 14:34 На русском

Атасынын унаасын уурдап чыккан: Жол кырсыкка кабылган окуучулардын учурдагы абалы кандай?

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Ак-Чал айылында жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн абалында өзгөрүү жок. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын башчысы Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Окуя 24-майда кечки саат 18:00 чамасында болгон. 11-класстын окуучусу атасынын «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн уурдап айдап чыккан. Жолдон 3 классташ кызын салып, катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, жолдун четиндеги мал сарайга урунган.

Окуучулар Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алар ооруканага 24-май күнү саат 23:30 чамасында жеткирилгенин билдиришкен. 3 окуучу сыныктар бөлүмүнө жаткырылса, бир окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

1. Б.А. — башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Жамбаш сөөгү, колу сынып кеткен. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө орто оор абалда жатат;

2. А.к.А. — башынан жаракат алып, мээси чайкалган;

3. С.С. — башынан жаракат алып, мээси чайкалган;

4. Айдоочу бала У.Т. башынан жаракат алган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ноокат районунун Ынтымак айылында «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жол кырсыкка кабылганын жазган.

Кийинчерээк Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын кабарлаган.

24-май күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Чал айылынын 2002-жылы туулган тургуну Т.У. атасына таандык «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыккан. Ак-Чал айылынан Кызыл-Кыя шаарына көздөй бара жатып, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен Кулатов көчөсүнүн №114 үйүнүн короосуна кирип кетип, сарайын сүзүп токтогон.

«Унаа Ноокат РИИБдин убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулду. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу кароо жүргүзүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Замирбек Төрөжановдун маалыматына караганда, кырсыктан жабыркаган окуучулар Ак-Чал айылында жайгашкан Т.Айбашов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү. Аларга кырсыктан 1 күн мурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×