Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 27.05.2019 10:06 На русском

Ноокаттагы бала бакчада жерде уктаган балдарды сүрөткө тарткан кызматкер жумуштан алынганбы?

Р.Маманова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган сүрөт
Р.Маманова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы бала бакчада бөбөктөрдүн полдо уктап жаткан сүрөтүн жарандык активист Роза Маманова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Сүрөттө «Пазилат апа» бала бакчасында тарбияланган 4-5 жаштагы жыйырмадай баланы көрүүгө болот, деп билдирди жарандык активист аймактык кабарчыга.

Анын айтымында, жерде уктап жаткан балдарды сүрөткө тартып алган санэпидемстанциянын кызматкери жумуштан алынган.

«2018-жылы Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери “Пазилат апа” бала бакчасына текшерүүгө барганда жерде уктап жаткан балдарды көргөн. Ал балдарды сүрөткө тартып алып, санэпидемстанциянын жетекчилигине кайрылган. Бирок ал кызматкер өзү жумушунан бошотулган. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине да кайрылганбыз. Учурда бала бакча дагы деле иштеп жатат», - деди Роза Маманова.

«Балдарды сүрөткө мен тартып алгам» деген Райхан Маматалиева сүрөттүн жасалбаганын билдирди.

«Биз бала бакчанын жетекчиси экөөбүз жакшы мамиледе болчубуз. Бала бакча ачылганда ал мени "кайсы жерге ашкана, ажаткана салдырсам болот" деп чакырган. Ошондо ушундай көрүнүншкө күбө болуп, сүрөткө тартып алгам», - деди Р.Маматалиева.

Фотография из детского сада

Активист Р.Маманова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган сүрөт

Ал эми «Пазилат апа» бала бакчасынын жетекчиси Жумагүл Жаңыбаеванын айтымында, сүрөттү бала бакчада иштеген бала багуучу кызга тарттырышкан.

«Сүрөт бала бакча ачылгандан кийин эле тартылган. Таякебиз бош турган чоң үйүн атайын бала бакча ачуу үчүн берген. Бала бакчанын ачылышына жергиликтүү тургундар катышып, шарттарын көрүшкөн. Керебеттер жетиштүү болчу. Бала бакчанын жанындагы үйдө жашаган кызды бала багуучу кылып жумушка алганбыз, сүрөттү ошол кыз тартыптыр. Ал балдарды урушуп, жерге жаткырып, уктаткан. Көрсө бул ишти апама өчү бар бирөө уюштуруптур. Апам көп жылдардан бери райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы болуп эмгектенип, айрым адамдарды жумуштан бошотсо, кээ бирөөнү талапты аткарбаганы үчүн урушкан. Ким тарттырганын билебиз, бирок аны айтууну туура көрбөйм. Бүгүнкү күнгө чейин ошол сүрөт менен коркутуп жатыптыр. Бала багуучуну жумуштан кетирген жокпуз, “сүрөттү ким тартса, жумуштан кетсин” дегенбиз, анан өзү эле жумушка келбей койду. Бала бакчада 3 тайпада 60 бала бар», - деди Жумагүл Жаңыбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×