Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 26.05.2019 13:13 На русском

Эненин көзү тирүүсүндөгү керээзи: Нуска апа сактап келген илгерки буюмдар музейге өткөрүлмөк болду

Turmush -  Ноокат районунун Каранай айылында жашаган Калназарова Нуска апа сактап келген илгерки буюмдар музейге өткөрүлмөк болду. Бул тууралуу кошунасы Максуда Мамазияева кабарлады.

Анын айтымында, Нуска апа 2 жума мурда 85 жашында көз жумду. Көзү өтөр алдында буюмдарын музейге өткөрүп берүүнү айткан.

«Буюмдар ата-энесинен калганбы билбейбиз. Учурда табак, кумура, жыгач идиштер, кашыктар, соку, кымыз бышуучу бишкек, патефон сакталуу турат. Өзүнүн жолдошу жок, кызы бар. Буюмдардын кээ биринин эле чети сынбаса бүтүн бойдон турат. Өзү тыкан, турмушка тың кемпир эле. Оштогу «Сулайман-Тоо» музейи менен байланыштык. Алар «алып кетебиз» дешти»,- деди ал.

Ал эми «Сулайман-Тоо» тарыхый археологиялык комплекстин жетекчиси Султан Абдырахманов мындай буюмдар музей үчүн баалуу экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×