Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 23.05.2019 17:21 На русском

Ноокатта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташ кызынын үйүн оңдоп, насыясын төлөп беришти (сүрөт)

20 жылдык бүтүрүүчүлөр оңдоп жаткан классташ кызынын үйү
20 жылдык бүтүрүүчүлөр оңдоп жаткан классташ кызынын үйү

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү 2 мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылына жана классташына жардам беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Н.Исанов атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү классташ кызына жардам беришсе, Көк-Бел орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү айылдагы көрүстөнгө керектүү шаймандарды жана аларды сактоо үчүн контейнер алып беришкен.

Н.Исанов мектебинин бүтүрүүчүсү Бекболот Казыбаев классташ кызына жардам берүү үчүн 15 классташ 10 миң сомдон чогултушканын билдирди.

«Алгач чогулганда түрдүү сунуштар айтылды. Бирок күйөөсүнөн ажырашкан, майып уулун жалгыз тарбиялаган өзүбүздүн классташыбызга жардам берүүнү туура көрдүк. Ал атасынын үйүндө жашап жүрүп, кийин бөлүнгөн. Бирөөнүн эски, каралбай калган эки бөлмөлүү үйүн насыя алып, сатып алган экен. Насыянын калганын — жыйырма миң сомду да төлөп бердик. Үйүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз. Эшик-терезелеринде кийиз кадалып турчу. Азыр жаңы эшик, терезелер орнотулууда. Ал эми классташ кыздарыбыз идиш-аяк, төшөктөрүн алып бермей болушту», - деди Бекболот Казыбаев.

Ал эми Көк-Бел орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү айылдын этегинде жайгашкан көрүстөнгө контейнер орнотушуп, жай казгандар үчүн керектүү шаймандарды алып беришкен. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жумагүл Төрөканова билдирди. Ал 20 жылдык бүтүрүүчүлөр көр казгандар үчүн чай ичүүчү идиш-аяктарды да алып беришкенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×