Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 22.05.2019 10:30 На русском

Ноокаттагы мектебин унутпаган ишкерлердин жана 25 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн белеги (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин 25 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин айланасын темир тосмо менен тостуруп, музыкалык жабдык сатып беришти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Канайым Айткулова билдирди.

Анын айтымында, Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу А.Осмонов орто мектебинде 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн эмес, 25 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты өткөрүлөт. Алар мектепке узундугу 60 метр болгон темир тосмо орнотуп беришкен.

«Буга чейин бүтүрүүчүлөрүбүз 60 миң сомдук интерактивдүү такта алып беришкен. 1975-76-жылкы бүтүрүүчүлөр дагы узундугу 200 метр болгон темир тосмо куруп беришкен. Быйыл 25 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин айланасына бетон куюшуп, зым тарттырып, темир тосмо орнотуп беришти. Алардын ичинен жеке ишкер мектепке 22 миң сомдук музыкалык аппарат белек кылды. Андан тышкары мектепте апасынын атын алып жүргөн математика бөлмөсүн заман талабына ылайыкташтырып 20 миң сомго жасалгалатып берди. Дагы бир бүтүрүүчүбүз жыл сайын жардам берет. Ал 2014-15-жылдары 100 миң сомго компьютер алып берсе, кийинки жылы жакшы окуган жана олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга 20 миң сомдук стипендия берген. Быйыл жайкы ашкана үчүн 30 миң сомдук кошумчасын кошту», - дейт Канайым Айткулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×