Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 09.05.2019 10:47 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: Тилеке ата согушта ачкалыктан арчанын желимин жеп жан сактаган (сүрөт)

Turmush -  100 жаштагы Каразаков Тилеке ата Улуу Ата Мекендик согуштун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жалгыз ардагери. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Тилеке атанын согуштан жарадар болгон буту гана ооруп тынчын албаса, азыр дени сак, акылы тунук. Көз айнексиз китеп, гезит окуйт. 1939-жылы согуш башталганда Латвия, Литвия, Эстония өлкөлөрүндө аскердик кызматта жүргөн. 2 жылдык кызматы бүтүп, үйгө кайтабыз деп турганда согуш башталып кеткен.

«1941-жылы аскерден соң Кыргызстанга кетебиз деп сүйүнүп жатканыбызда согуш башталып кетип, Ленинградга барып калдык. 152-батальондо пулеметчу катары жүрдүм. Ленинград туткунга алынган мезгилде командир мени жалгыз бир адырга таштап, арчанын жанына пулеметту орноштуруп коюп, «шерик тапсам алып келем» деп кетип калды. 1 ай ошол жерде жаттым. Командир күндө кабар алып турду. 1 кесим нанды 8 күн жеген күндөр болду. Ачкалыктан арчанын желимин жеп жүрдүм.

Бир күнү 16 жаштагы орус баланы ок-дары ташып турат деп алып келди. Экөөбүз 10 күнчө чогуу жүрдүк. Анан жаныбызга бомба түшүп жарылганда бир бөлүгү орус балага тийип, башын жарып кетиптир. Менин бутума чачырандысы тийип, баса албай калдым. Түн жарымда командирим 2 жоокер менен келип, аларга мени токойдун арасындагы госпиталга алып барууну буйруду да өзү чуркап кетти. Жанагы менин жанымда каза болгон орус баланын кийимин башка жоокерлерге деп чечип алды. Пулемет, ок-дарыларымды алып кетти. Мени 2 жоокер колтуктан сүйөп алып кете беришти. Бутум чыдатпай ооруп, алым кетип калганда «носилкага салып көтөргүлөчү» деп сурандым. Анан токойго алып барышып, «тура туруңуз» деп кетип калышты. Бир убакта 4 медайым носилка алып келип, көтөрүп кетишти», - деди ал.

Согушта андан ары жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан 1942-жылы кайра кайтып келген. Мектепте орус тилчи мугалим катары иштеп, андан соң совхоздо эмгектенген.

Тилеке аксакал быйыл Россиядагы парадга барууну күткөн. Райондук аскер комиссариатынан «сизге кат келиши мүмкүн» деп айтышкан. Бирок кат келбегенин айтат. Ардагерге жалпысынан 27 медаль ыйгарылган. Быйыл Жеңиш күнүнүн урматына президенттин атынан 20 миң сом акчалай белек, андан сырткары облус, район, айыл өкмөт жетекчилиги тарабынан белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×