Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 06.05.2019 16:19 На русском

Ноокатта жеке менчикке өтүп кеткен жер кайтарылып, заманбап бала бакча салынууда (сүрөт)

Кара-Таш айылы
Кара-Таш айылы

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылында жергиликтүү ишкерлер тарабынан заманбап бала бакчанын имаратына капсула салынды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Баатыр Мамарасулов билдирди.

«Айыл өкмөттө жалпысынан 5 бала бакча бар. Учурда 60 орундуу, эки кабаттуу, бардык шарттары каралган заманбап бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Убагында менчиктештирилип кеткен эски сарайдын орду, тактап айтканда 70 сотых жер айыл өкмөткө кайтарылды. Ошол жерге бала бакча курулат. Анын курулушуна канча каражат кетээрин, качан бүтөрүн билбейбиз. Быйыл имараттын 70-80 пайызы бүтүп калышы мүмкүн», - деди Б.Мамарасулов.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, буга чейин айыл өкмөттүн аймагындагы 1 гектар жер жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда ал жердин 70 сотых аянты кайра кайтарылган. Эми калган 30 сотых жерди дагы кайтаруу пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×