Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 08.04.2019 13:22

Ноокатта мамлекеттик кызматкерлер футбол мелдешине түштү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарында мэрдин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

6-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө жана 7-апрель — Апрель революциясынын 9 жылдыгына карата Ноокат шаарында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулган. Мелдешке Ноокат районундагы, шаардагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен түзүлгөн 12 команда катышкан.

Анын жыйынтыгында Ноокат райондук ички иштер бөлүмү 1-орунду алып, аларга мэрдин кубогу тапшырылды. Ошондой эле Ноокат райондук соту 2-орунду, Ноокат райондук стоматология поликлиникасы 3-орунду камсыздашты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×