Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 02.04.2019 11:57 На русском

Экс-депутаттын апасы 98 жашында көз жумду

Turmush -  Кечээ, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, учурдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун апасы каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баатыр Мамарасулов тастыктады.

Саадат Бегматова Ноокат районунун Кара-Таш айылында жашап жаткан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 20 жашында бригадир болуп, андан соң мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1963-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаттыгына көрсөтүлгөн жана 4 жыл депутат болгон. Эл арасында айылдарга бала бакча курдуруп, мал сарай салдырганы айтылат.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы Саадат Бегматова менен маектешкен. Маекти толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×