Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 27.03.2019 15:00

«Германиянын парламентине элечектин кадыры менен кирдим»: Чет өлкөлөрдү кыдырган 70 жаштагы Б.Казыканова (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн 70 жаштагы тургуну Бүажар Казыканова улуттук кийимдер боюнча дизайнер. Атасы ээр чапкан уста, апасы таар соккон уз болгон. Бүажар апа 20 жашынан баштап улуттук кийимдерди, элечектин түрүн тигип, боз үйдүн жасалгаларын жасап баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бүажар Казыканова интернетти жакшы колдоно албагандыктан, кийимдердин дизайнын илгерки үлгүлөрдөн алаарын айтты.

«Кичинекей кезимде чоң энем, апам кийген кийимдердин элеси көз алдымда калган. Ошолорду эле азыркы заманга ылайыкташтырып тигем. 1974-жылдары Америкадан келген кинематографисттер элечекти тиккен киши барбы деп издешсе, мени айтышыптыр. Ошондон бери элечек орогонду үйрөтүп келе жатам. Иш-чараларга, аш-тойлорго дайыма улуттук кийим кийип барам. Кыргызда казан кармаганда гана элечекти кийишкен эмес, ыйык баш кийим катары жогору алып коюшкан», - дейт кол өнөрчү.

Ал уулунун чакыруусу менен Германияга барып келген.

«Германиядан көчөгө чыкканда элечегимди кийип алсам баары кызыгып сурап жатышты. Көпчүлүгү "Казакстандансыңбы же Өзбекстанданбы?" деп сураганда жүрөгүм тызылдап жатты. Германиядагы Рейхстагга (Германия парламентинин имараты), парламенттин залына элечектин кадыры менен кирдим. Ал жерге кирүү үчүн 6 ай мурун арыз жазыш керек экен. Ошондо элечектин кадырын дагы бир жолу сездим», - дейт Бүажар апа.

Ал 2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы сынакка өзүнүн «Курманжан датка» коллекциясы менен катышып, байгелүү орунга ээ болгон. Ошондой эле Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгы, Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы, жана «Ош 3000» мааракелеринде 3 боз үй тигип, байгелүү орундарга илинген.

«Элечектин беш түрү бар. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша сурп элечек, токол элечек, сайма элечек, каз элечек, торко элечек болуп бөлүнөт. Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы жармаңкеде адамдар тилди түшүнбөсө дагы аркамдан кубалап жүрүп, кийиз буюмдарымды алышты. Ресторандарга илебиз деп алып кетишти, телеканалдарга дагы чыгарышты. Москвада өткөн Аялдардын дүйнөлүк форумунда элечек кийген жалгыз мен болуп, аброюмду көтөрүшүп, "Останкинонун" телемунарасына чыгарышты», - деди Б.Казыканова.

Ал Түрксой уюму тарабынан өткөрүлгөн «Эң мыкты буюм» сынагында, Эл аралык туризм боюнча өткөрүлгөн жармаңкеде, Москвада өткөн Аялдардын дүйнөлүк форумунда алтын дипломдор менен сыйланган. Кытай мамлекетиндеги Кашкарда өткөн жармаңкеде «Алтын кол» номинациясын алган.

Бүажар апа 6 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×